Бүгүн, 8-ноябрда Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жардырууга айыпталып, соттолгондордун жакындары жана жактоочусу маалымат жыйын өткөрдү. Анын жүрүшүндө 10 жылга эркинен ажыратылган Хикматилло Абдулажановдун жубайы Танзиля Апишева күйөөсүнүн элчиликтеги жардырууга эч кандай тиешеси жок экенин айтты.
“Менин жолдошум Хикматилло Абдулажанов дыйканчылык менен эле алектенчү. Кээде таксист катары Бишкекке каттап жүргөн. Ошол учурда Күназим Мансирова ага 1000 доллар берип, Бишкекке жеткирип коюшун өтүнгөн. Абдулажанов акча бере турган адамдын ким экенин билген эмес. Болгону 1000 долларды алып барып берген. Ошол үчүн 10 жылга соттолуп кетти. Таксистти террорист деп 10 жылга кесип ийиш туура эмес да. 9 балам бар. Аларга татыктуу тарбия бериш керек”, - деди Танзиля Апишева.
Айта кетсек, 2016-жылы 30-август күнү Бишкектеги Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазага Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта сүзүп кирип жарылган. Натыйжада жарылган унаанын ичиндеги жан кечти-террорчу каза болуп, эки күзөт кызматкери жабыркаган. УКМК жардырууга буйрутма бергендер Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн “Жабхат ан Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экенин билдирип, 5 адамды камакка алган. Ошондой эле 4 адам издөөгө алынган.
27-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелгендерге карата өкүм чыгарып, Хасамидин Исмаиловду 18 жылга, Хикматилло Абдулажановду 10 жылга жана Күназим Мансированы 10 жылга эркинен ажыраткан.