Бүгүн, 8-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар өлкөнүн туристтик жайлары таштандыга толуп кеткенин айтышты.
“Бир Бол” фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков туризмди өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте таштандылар тазалануусу керек экенин айтты.
КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкинанын айтымында, туристтик жайларды чет мамлекеттен келген коноктор эмес, өлкөнүн жарандары булгап жатат. “Төө-Ашууда таштандылар үйүлүп калган. Абанын булганышы боюнча бирөөнү жазалаш керек”, - деди Карамушкина.
Парламентте “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” жана “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.