Бүгүн, 8-ноябрда парламент жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин алдына митингге чыккандардын талабын угууну сунуштады. "Мөңгүлөрдү сактап калалы" аттуу митинг өтүп жатат. 1-2 депутат чыгып, алардын талаптарын угуп койсо жакшы болмок", - деди Мамытов.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков митингге тийиштүү комитеттин депутаттарын чыгып келишин сунуштады.
Ал эми "Кыргызстан" фракциясынан депутат Айтмамат Назаров митингдин катышуучуларын кабыл алганын айтты. "Алар менен сүйлөштүм 10-ноябрда тегерек стол өткөрө турган болдук. Ал жерге Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылат", - деди Назаров.
Айта кетсек, бүгүн Ак Үйдүн алдында "Мөңгүлөрдү сактап калалы" аттуу митинг өттү.