Алмазбек Атамбаев Башкы штабдын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-ноябрда өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, Куралдуу күчтөрүн мындан ары өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана техникалык жактан камсыздоону жакшыртууга жана аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоого багытталган чаралардын комплексин ишке ашыруу туурасында маалымат берилди.

Ошондой эле Раимберди Дүйшөнбиев чек ара инфраструктурасын өнүктүрүү жана аскердин күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында дагы маалымат берди. Тактап айтканда, ал Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери үчүн көп батирлүү эки үйдүн курулушу аяктагандыгын, Баткен облусунда “Миң булак” чек ара заставасын ачууга даярдык туурасында айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттин тышкы чек араларын чыңдоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан