Сауд Арабия бийлиги коррупцияга каршы күрөшүү иш-аракеттеринин алкагында банктагы 800 миллиард доллар каражатты тоңдуруп, аны конфискациялоого ниеттенип жатат. Активдердин басымдуу бөлүгү чет мамлекеттерде болгондуктан аларды тартып алуу процесси кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүндүгү айтылат. Бул тууралуу The Wall Street Journal өздүк булактарына шилтеме берип жазып чыкты.
Маалыматта ноябрь айынан тартып Сауд Арабияда коррупцияга шектелип 60тан ашуун адам камакка алынганы жазылат. Алардын арасында падыша үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү, ишкерлер жана чиновниктер бар. Мамлекеттин эсебине өткөргөндөн кийин каражат бюджет тартыштыгын жоюуга багытталат.
Белгилүү болгондой, мунай баасы арзандаганда Сауд Арабия акыркы жылдары өзүнүн резервдик фондундагы каражатты пайдалана баштаган. Буга чейин 5-ноябрда Сауд Арабияда 10дон ашуун ханзаада, бир нече министр, ондогон мурунку чиновниктер камалганы маалымдалган. Алар "коррупция, каражаттарды негизсиз пайдалануу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.
The New York Times`тын кабарлашынча камакка алынган ханзаадалар Эр-Рияд шаарындагы беш жылдыздуу Ritz-Carlton мейманканасында турушат.
Интернетке Сауд Арабиянын камакка алынган ханзаадаларынын беш жылдыздуу мейманканада полдо жаткан сүрөтү жүктөлгөн.
Камалгандардын арасында Сауд Арабиядагы эң бай адам, миллиардер ханзаада Валид бин Талал да бар. Фото: REUTERS