“Конституциядагы өзгөрүүлөр президенттин, парламенттин күчтүү, өкмөттүн туруктуу, сот системинин көз карандысыз болушуна багытталган”, - деп бүгүн, 8-ноябрда президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Сооронбай Жээнбеков орусиялык РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ал өкмөттү алмаштырбайт. Ошондой эле Жээнбеков өкмөттүн кээ бир иштерине аралашпай турганын белгиледи. “Конституциядагы өзгөрүүлөр боюнча президенттин ыйгарым укуктары жетиштүү. Өкмөттүн өзүнүн ыйгарым укуктары бар. Кыргыз өкмөтүндө кесипкөй жаштар көп. Мен премьер-министр болуп турганда өлкөнүн экономикасы 12 пайызга жогорулаган. Азыркы премьер-министр Сапар Исаков менен бир команда болуп иштейбиз деп ишенем. Жаш өкмөт күчтүү колдоого муктаж. Президент стратегиялык пландоолор менен иштеп, өкмөт менен тыгыз байланышта болот”, - деди ал.