Шыкмаматов: "Салянованын, Текебаевдин, Чотоновдун өмүрүнө коркунуч жаралууда. Премьер-министрден коопсуздукту камсыздап берүүнү өтүнөбүз"

Бүгүн, 8-ноябрда Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Салянованын кылмышкерлер өз үйүнөн атып кеткен иниси Улан Саляновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов "Улан Саляновдун өлүмү саясий буюртма. Премьер-министрге бул кылмыштын бетин ачууну жеке көзөмөлүнө алуусун суранып кат жолдойбуз. Андан сырткары учурда Аида Салянованын, Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун өмүрүнө коркунуч жаралып турат. Алардын коопсуздугун да сактап берүүнү өтүнөбүз" деди.

Ошондой эле кылмыш Аида Салянованын Башкы прокурор болуп тургандагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу деген пикирин айтты.

"Бул кылмыш саясий өңүттө болгондугу айдан ачык болуп турат. Бул ишти биз Аида Жеңишбековнанын Башкы прокурор болуп тургандагы же учурдагы саясий позициясына байланышкан өч алуу деп эсептейбиз. Улан жашаган аймактагы үйлөрдүн көрүнүшүнөн эле араң оокат кылган адамдардын жашаганы байкалат. Ал жерге түндө 4 адам аскер кийимин кийип, ар бири курал кармап кембагалдарды тонойбуз деп баруусу мүмкүн эмес, буга коомчулук да ишенбейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
TalaCSKA
2017-11-08 18:52:42
Зонада жаткан шартын жакшыртып копсуздугун камсыздап бергиле дейт .тескеринче кирпич заводко иштетип адал акча тапкан кандай оор экенин коргозуз керек.
+4
cfif03748
2017-11-08 19:24:30
TalaCSKA,туура айтасын!
+1
Tyty1990
2017-11-08 22:31:32
Коркунучту ошол президент кылып жатпайбы. Карышкырга барып кой кайтарып берчи дегендей эле болуптур.
+1
Дарыгер
2017-11-09 09:21:10
Үчөөнү тең колдобойм. Колунда бийлик барында өздөрү деле саясий буйруктарды аткарышып. Адилетсиз иштерди жасашкан
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан