Сооронбай Жээнбеков орус тилинин макамы сактала турганын билдирди

Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Сооронбай Жээнбеков орус тилинин макамы сактала турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-ноябрда РИА Новости агенттигине берген маегинде айтты.

“Орус тили биздин өлкөдө расмий тил болуп саналат. Ал макам сакталып кала берет. Орус тили - достуктун жана Бириккен улуттар уюмунун тили. Мен орус мектебинде окугам. Мен үчүн жана башка Кыргыз жарандары үчүн орус тили илимдин, билимдин жана адабияттын тили болду. Мамлекетибизге чет өлкөлүктөр, туристтер көп келет. Ошондуктан көп тил билүү адамдын жашоосун байытат. Ал эми латын арибине өтүү маселеси ар бир өлкөнүн ички иши жана чечими”, - дейт Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
NURTILEK_KG
2017-11-08 16:33:30
Орус тил деп журо берип кыргыз тил унутулуп калбасын.
+10
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-08 16:39:29
Ото туура так жооп берип суйлоду мурдакы президентке караганда азаматсыз.
-9
Bek4590
2017-11-08 16:51:43
Кыргызстанда мамлекеттик тил бир гана кыргыз тили болуш керек. Расмий тилдердин кереги жок. Кимге керек болсо 100 тил уйроно берсин. Кыргызстанда жашагандардын баардыгы кыргыз тилин билиши шарт. Минтип отурсак, кыргыз тили эч качан онукпойт.
+18
Nazar76
2017-11-08 17:23:41
Мейли Орус тилин билсин бирок Жогорку бийликте иштегендердин баары Кыргыз тилинен экзаменден отуусу шарт мейли Орусубу жее башкасыбы Кыргыз тилин билиши керек
+14
jbolotov
2017-11-08 17:45:12
Значит Орустун козун карайм деген соз.
+5
jengoo
2017-11-08 17:56:34
Өзү орусча же кыргызча таза сүйлөй албайтко..
+7
kenjebek_a
2017-11-08 19:23:46
Расмий болсо болсун,бирок иш кагаздар, сессия,сыналгыда,жолдордогу жарнама кыргызча болуусу шарт.Озбекче орусча жанылыктар теледен радиодон кетпеш керек.Башка улуттагылар да кыргыз тилин билуусу суйлошу шарт.Же кыргыздарга эле керекпи.Акыры КЫРГЫЗСТАН деген мамлекетпиз.Же Россия менен Озбектер телесинде кыргызча жанылык беришеби.Кыргызча билбегенди ишке албаш керек.Соке СДПКнын Карамушкина дегенин бир суйунтуптур да.
+11
tina.kg
2017-11-08 19:47:45
Кыргыз тили кылымдарды карыткан,
Кыргыз аны очуруп салды тарыхтан болуп кетти бул жагы
+7
Nazaralikarakulja
2017-11-08 22:14:20
Биринчи очередь Кыргыз тили 2- тилибиз орус тили официальный тил молодец Соке туура айтат
+1
Nazaralikarakulja
2017-11-08 22:16:57
Биздин президент жакшыбы жаманбы Аллах буюрган экен болду иштесин Кыргызстан онугуп особерсин кантседа президент ке баш ийишибиз керек шарятты карап жашайлы
+3
Paolo
2017-11-09 03:13:39
Супер инфо жазгандай жонокой,эмгекчил ажобуз ииий ии куйуп кетем да жонокой имиш
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан