Адис: "Кыргыз жеринде мөңгүлөрдүн 30 пайызы эрип кетти"

1974-жылдан бери Кыргыз жериндеги мөңгүлөрдүн 30 пайызы эрип кетти. Мындай маалыматты 20 жылдан бери "Мөңгү" фондун жетектеп келген Үрүстөм Кабылбеков SUPER.KG порталына билдирип, мөңгүлөрдүн эрип жатышынын себептерин түшүндүрүп берди. Анын пикиринде, мөңгүлөр глобалдык жылуулуктун жана адам баласынын таасиринин астында эрип жатат.

"Мындан тышкары мөңгү чаңдан жана жарака кеткенден эрийт. Чаңдар туздуу арал деңиздеринен жана коңшу Өзбекстан, Казакстан, Тажикстандан да келет. Коңшу мамлекеттер миллиондогон гектар жерлерди иштетип жатышат. Андан сырткары "Кумтөр" күндө жардыруу кылып жатат. Алар алтынды жер астынан казбай мөңгүнү сыйрып салып үстүнөн казып жатат да. Металлдардын калдыктары, күкүмдөрү мөңгүнүн үстүнө топтолуп, эритип жатат", - деди Кабылбеков.

Бүгүн, 8-ноябрда Бишкекте Ак Үйдүн алдына укук коргоочулар, активисттер мөңгүлөрдү коргоп митингге чыгышты. Алар Суу кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө каршы чыгып, президентти жана Жогорку Кеңешти өзгөртүүнү киргизүүнү токтотууга чакырышты. Алар киргизилип жаткан өзгөртүүлөр мөңгүлөрдү талкалоого жол ачат дешүүдө.

Суу кодексине мындай өзгөртүүлөр өкмөт тарабынан мындан 2 жыл мурун сунушталып, Жогорку Кеңештин депутаттары эки окууда кабыл алышкан. Бирок жарандык коом каршы чыгып, демилге артка кайтарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
BekAmir
2017-11-08 23:57:59
Монгуну талкалоого МЕН КАРШЫМЫН!!!
+2
almanbetperm
2017-11-09 07:54:30
Современный гимн

Ак мөңгүлүү аска, зоолор, калбады
Талааларын байлык издеп аңтарды
Сансыз кылым тарыхы чон оз элин
Малай кылып башка элге байлады

Кайырма:
*Алдана бер, кыргыз эл,*
*Алдамчынын жолунда.*
*Өкүнө бер, өксүй бер,*
*Өлсон башын колунда*

Байыбаган жамандардан жериме,
Душман болуп ажо чыкты элиңе
Досторуна даяр орун ыйгарып
Билимдерин катып келди жеңине

+2
almanbetperm
2017-11-09 07:59:40
Талкаланды элдин үмүт тилеги,
Желбиреди элдин куйут желеги.
Сактап келген ата салтын, мурасы
Дагы тентип көчмөн болуп кетеби

Кайырма:
*Алдана бер, кыргыз эл,*
*Алдамчынын жолунда.*
*Өкүнө бер, өксүй бер,*
*Өлгөн тагдыр колунда*
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан