Эл аралык валюта фонду Кыргыздын мамлекеттик карызы коркунуч жаратпай турганын билдирди

"Кыргыз өлкөсү Кытайдан артыкчылыктуу насыя алган Борбордук Азия аймагындагы жалгыз өлкө", - деди эл аралык валюта фонду миссиясынын башчысы Эдвард Жемайель 8-ноябрда маалымат жыйынында.

Ал Кыргыздагы мамлекеттик карыздын деңгээли орточо экенин билдирип, өткөн жылга салыштырмалуу карыздын деңгээли кыскарганын айтты. Мындан тышкары Жемайель зарыл болгон учурда насыя алууга мүмкүнчүлүк болушу үчүн өкмөт карызды кыскартуунун үстүндө иштөөсү керектигин белгиледи.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 2017-жылга карата ички дүң продукциянын 56 пайызын түзгөн. Кийинки жылы 57 пайызга чейин көтөрүлүшү күтүлөт.
"Учурда карыздын деӊгээли боюнча абал орточо. Кыргыз тараптын Кытайга болгон карызы боюнча чочулоого себеп байкалбайт. Карыздар бир топ өстү, бирок коркунучтар жок. Биз бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрүн бир эле өлкөдөн ири суммада насыя албоого чакырып, тышкы карызды ар башка өлкөлөрдөн алуу боюнча кеңеш берип келебиз", - деди миссия башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
abusait
2017-11-09 09:09:38
А карыз албай эле жашасак болбойбу?
+2
Isco23
2017-11-09 09:11:38
Ушинте берет бир куну ушундай кун келет,анан шымын булгап алат. Кытайлар сурап калса кантет экен балким жер берип ийеби
+2
jbolotov
2017-11-09 11:49:31
Силердики коркунучта демек беле, Кыргыз элинин тоо кен, суу ресурстарына кызыгып береберет. Байкасанар кредиттерди бир жолуда ондурушко. Завод фабрикага деп ала алышкан эмес, жалан жол курам, компьютер алам дегендерге берилет. Башка кучтор кыргыз онукбой эле карызка батышын каалайтда.
+1
elchi84
2017-11-09 12:14:05
Эмне дегени дагы алсанар болот деп айтып жатабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан