Белгилүү орус актрисасы, ырчы Людмила Гурченконун кызы Мария Королёва каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-ноябрда Мария Королёванын жансыз денесин кызы өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн кире беришинен тапкан. Ага чейин эч ким көрбөй маркумдун денеси ал жерде 1 сааттан ашык жаткан. Королёва 59 жашта болгон.
Кызынын айтымында, Королёва акыркы кездерде абалы жакшы эмес экенин айтып, дарыгерге көрүнүүнү пландап жүргөн. Бирок ооруканага барууга үлгүргөн эмес. Азырынча жакындары да Королёва эмнеден улам каза болгондугун так билишпейт. Мария Королёва актриса Людмила Гурченконун жалгыз кызы болгон.
Людмила Гурченко - советтик жана орусиялык актриса, ырчы. Ал кино, театр тармагында эмгектенип эстрада ырларын аткарган. Мындан тышкары режиссёр, сценарист, жазуучу болгон. СССРдин эл артисти 1935-жылы төрөлүп, 2011-жылы 76 жаш курагында каза болгон.