Кыргыз өлкөсүнө Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү келет

Бүгүн, 9-ноябрда Кыргыз өлкөсүнө Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини жумушчу сапары менен келет. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын жүрүшүндө Федерика Могерини Бишкек шаарында президент Алмазбек Атамбаев, жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Сапар Исаков менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Анда Кыргыз Республикасынын Европа союзу менен эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өз ара аракеттенишүүсүнүн келечеги талкууланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан