Түркияда эс-учун жоготуп 50 күн ооруканада жатып каза болгон Кыргыз кыздын сөөгү Бишкекке алынып келип, туулган айылына жиберилди

Түркияда эс-учун жоготуп 50 күн ооруканада жатып каза болгон Кыргыз кызы Ширин Бейшембекованын
сөөгү 8-ноябрда Бишкекке алынып келип, андан соң Ысык-Көл облусунун Түп районуна жиберилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Денизли шаарынын аэропорту Жүк-200дү алууга шарты жок болгондугуна байланыштуу Шириндин сөөгү транспорт менен Измир шаарына алынып келип, ал жактан Измир-Стамбул авиакаттамы менен Стамбулга алынып келди. Андан кийин учак аркылуу Бишкекке келди", - деп билдирди ТИМдин маалымат кызматы.

Маркумдун сөөгүн жиберүүгө Түркияда иштеген Кыргыз жарандары менен Стамбулдагы башкы консулдук жардам көрсөткөн.

Ширин бир жарым жыл мурун Денизли шаарына барып ошол жакта бирөөнүн 2 жаштагы кызын багып жүрүп бөйрөктөрү иштебей ооруканага жатып калган. Бирок ал ооруканада 50 күн эсине келбей жатып 4-ноябрда каза болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nazaroff1974
2017-11-09 11:52:00
Жайы жаннатта болсун.Тооба,коздору,озу деле призракка окшойт экен.Не болсо да аянычтуу...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан