Пекин университетинде окутулган чет тилдердин катарында эми кыргыз тили да окутула баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кыргыз тили сабагын окуган тайпалар аталган жогорку окуу жайында 2018-2019-окуу жылдарында ачылат. Мындай чечим Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков менен Пекин университетинин проректору Ян Гуохуандын жолугушуусунда кабыл алынган.
Мындан тышкары Пекин университетинин базасында "Кыргызстан" борборун ачуу чечимине токтолушкан.