Мурад Омоев Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеӊешчиси болуп дайындалды. Аны кызматка дайындоо буйругуна өкмөт жетекчиси Сапар Исаков кол койгонун 9-ноябрда өкмөттүк аппарат кабарлады.
Мурад Омоев 1979-жылы туулган. 1999-жылы АКШда Graceland колледжинен экономика жаатында билип алып, бакалавр даражасын алган. 2001-2004-жылдары эл аралык уюмдарда иштеп, 2004-жылы АКШнын Колумбия университетинде билим алууну уланткан (магистрант). 2012-жылдан бери Эл аралык валюта фондунда иштеп келген.