Депутат жол кырсыктарын азайтуу үчүн өкмөттү "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууну тездетүүгө чакырды

Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов жол кырсыктарын азайтуу үчүн жол белгилерин көбөйтүп, өкмөттү коопсуз шаар долбоорун ишке ашырууну тездетүүгө чакырды.

"2 күндүн ичинде 20 адам каза болду. Алардын баары жаштар. Бир чара көрүлүшү керек. Жолдордо жол белгилери, жол сызыктары жоктугунан ушундай болуп жатабы деген ойлор келет. Анткени жол кырсыктарынын көбү Бишкек- Ош, Бишкек-Нарын, аэропорт жолдорунда болуп жатат. Жолдорго Патрулдук милициянын кызматкерлерин да коюу кажет. Өкмөт тез арада "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизиши керек. Биз бул багытта артта калып калдык", - деди Жамалдинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
RusMos76
2017-11-09 10:07:53
Эмнени кутуп отурасынар, болбогон несе менен алек болуп эле же ойлонбой суйлоп коюп, эчак башташ керек эле.
0
Best.bakyt
2017-11-09 10:26:57
Биз артта калып калдык дейт. Силер артта калмак тургай баарынан куру жалак да калтырдынар. Же ички ишти жыргатпайсынар же сырткы саясатты жыргатпайсынар.
+1
Muratmipa
2017-11-09 10:41:44
Жол знактардык жол катар койгон чакта деле водителдер жол эрежесин сактабагандан кийин кырсык боло берет. Жол кырсык жок болуш учун ар бирибиз озубуздон башташыбыз керек.
0
Muratmipa
2017-11-09 10:43:03
Жолдор стандартка жооп бербей дегенибиз менен жакынкы жылларда жакшырбайт ар бир водител жол эрежесин сактаганга аракет кылыш керек
0
RusMos76
2017-11-09 13:05:23
Жолго камера орнотуп штрафты толосунчу кандай эле эреже бузат экен. Москвада светофорду айтпай эле коёюн стоп линияга жетпей токтоп калдык штраф толобоюн деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан