Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Өнүгүү" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров коомдо талкууланып, нааразычылык жаратып жаткан "Суу кодексине" өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кайрылды. Эл өкүлү маселени терең изилдөө үчүн көчмө жыйын уюштурууну сунуштады.
"Бир жумадан бери коомчулукта өзгөртүү киргизилип жаткан "Суу кодекси" боюнча коомчулукта ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. Бул мыйзам 5-чакырылышта 2015-жылы өкмөт тарабынан стратегиялык объектилердин жумушуна таасир этүүчү кандай мөңгү болбосун өкмөт тарабынан уруксат берилет деген мааниде сунушталган. Бешинчи чакырылышта бир топ талаш-тартыштардан кийин мыйзам Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө барып токтогон. Эми буга Жогорку Кеңеш, ошонун ичинде агрардык комитети күнөөлүү болгондой болуп жатат. Үчүнчү окууда редакциялык мүнөздө гана карай алабыз жана Жогорку Кеңештин жыйынында добуш менен гана чечилет", - деди депутат.
Зилалиев мырза айтып жатат "бүгүнкү күндө "Кумтөрдөгү" Лысый менен Давыдов жок, мындайча айтканда, үчтөн экиси мүмкүн андан да көбү жок" деп. Өкмөт ушул так ачык позициясын билдирип, маалымат жыйын уюштуруп айтып койсо. Улан Рысалиев деген өкмөттүн мүчөсү "мөңгүлөрдү жылдырып башка жакка койсок, ошол мөңгүлөр көбүрөөк сакталат" деп каяктагы жомокту айтып жатат. Андан көрө болгонун болгондой айтып, бул коопсуздук, бул экономика деп айтса коомчулук түшүнмөк. Экологдор менен бирге агрардык саясат комитети көчмө жыйын уюштуруп, атайын комиссия барып жеринен көрүп келсек мүмкүн көп суроолорго жооп алабыз", - деди Бакиров.