“Турак жай куруу жаатында иштеген компаниялардын жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл”, - деп бүгүн, 9-ноябрда парламент жыйынында КСДП фракциясынан депутат Марат Аманкулов билдирди.
Ал ишенимден чыккан курулуш компанияларынын тизмесин түзүүнү сунуштады. “Мындай чара өтө маанилүү. Көп компаниялар турак жай толук бүткөрүлө электе эле сатып жатышат. Жарандардын акчасын алып, үйлөрдүн курулушун өтө созуп жаткан фирмалар дагы жок эмес. Жарандар турак жай ипотекасы үчүн насыяларды алууга аргасыз. Ишенимден чыккан компаниялардын айынан оорчулук турак жай ээлерине түшүп жатат. Алар батирлерине кирген күндө да кошумча оӊдоолорду жүргүзүүдө”, - деди ал.