Депутат: "Кырсыкстан" деген өлкөгө айландык"

"Биздин өлкө "кырсыкстан" деген мамлекетке айланды", - деп бүгүн, 9-ноябрда парламент жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, акыркы 4 күндүн ичинде кызыл күндөр кыргын күнгө, майрам күндөр кайран күнгө айланды. "Тизмектеп айтып берейин жол кырсыгынан 5-ноябрда 5 адам, 6-ноябрда 14 адам, 7-ноябрда 4 адам, 8-ноябрда 4 адам, бүгүн таңкы саат 4:00 чамасында 1 адам каза болду. Мен түшүнбөй жатам Кыргыз өлкөсүндө каскадёрлордун кастинги, шумахерлердин тренинги өтүп жатабы? 9 миллион калкы бар Нью-Йоркто жол кырсыгынан бир жылда 201 адам каза болот. Биздин мамлекетте бир айда 200 адам көз жумат. Президент Алмазбек Атамбаев жол кырсыгы боюнча коопсуз кеңештин жыйынын өткөргөн. Премьер-министр Сапар Исаков биринчи ишин жол кырсыктары боюнча баштаган. Эки жыл мурун Ички иштер министрлиги реформа деп Патрулдук милицияны түптөгөн. Чоң акча каражатын кетирген. Реформа иштебей жол кырсыгы эки эсеге көбөйдү. Патрул айланып жүрө турган топ, бизде алар айланып жүрөбү? Алар чоң дарактын түбүндө жашынып турат. Ички иштер министрлигинин ишине ичим жылыбай жатат. "Коопсуз шаар" деген долбоор жоопсуз шаарга айланды. Мына өкмөттүн жол кырсыгына болгон кызматы ушундай", - деди Момбеков.

Жыйынтыгында Рыскелди Момбеков бул боюнча парламентте өкмөттүк саат өткөрүүнү сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
portugalia
2017-11-09 11:21:42
Эн туура соз!Мектеп окуучуларын суздуруп кеткендери канча, созсуз турдо бир чара корунуздор
+2
Zhoro
2017-11-09 14:33:56
Азамат сен эле президент молчу Кыргызга
+1
tular
2017-11-09 15:46:16
Оозун жаман экен.
-1
jbolotov
2017-11-09 22:45:31
Биздин парламент 120 соодагерибиз жол кыймылын чече албай отурганы уят. Бул проблеманы ПМ чечетурган иш. Кыргызстан кырсыкстан деп тантып отурганы уят, андан коро ПМ Минтранс жетекчилери иштен алып отчет албайт беленер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан