"Бир жылда 120 жетекчини кызматтан алган саламаттыкты сактоо министри Кудайдын эркесиндей жашап жатат", - деди депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеӊештин 9-ноябрдагы жыйынында.
Депутат аталган министрликте коррупциялашкан систем иштеп жатканын айтып, буга чара көрүү зарыл экенин айтты.
"Бир жылда саламаттыкты сактоо тармагындагы 120 жетекчи жумуштан айдалыптыр. Министр каалаганын жумуштан айдайт, каалаганын ишке алат, каалабаганын "эртең менен келбейсиң" деп коёт. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, министрдин Миргүл деген кеӊешчиси баарын каалагандай текшерет экен. Биздин мыкты дарыгерлер айлыктын айынан Орусияда, Казакстанда жүрүшөт. Ошол союз мезгилинен бери такшалган дарыгерлер, профессорлор министрди "бул Кудайдын эрке баласыбы?" деп жатышат", - деди Рыспаев.
Депутат тиешелүү комитеттен жумушчу топ түзүп, бул маселени карап чыгууну сунуштады.