"Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, катталган жол кырсыктарынын 87 пайызы айдоочулардын кайдыгер мамилесинен улам болгон", - деп бүгүн, 9-ноябрда өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди.
Ал билдиргендей, быйылкы жылдын 9 айында республика боюнча 4 460 жол кырсыгы катталган.
"Өткөн жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга өскөн. Жаракат алгандардын саны 5, 8 пайызга жогорулаган. Бишкек шаарынын көчөлөрүндө жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жарнактар жарыяланды. Жол кырсыгын алдын алуу иши Сапар Исаковдун жеке көзөмөлүндө", - деди Темирбаев.
Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир топ депутаттар жол кырсыгынын көбөйүшү тууралуу сөз кылды.