Жогорку Кеңеш Казакстандын 100 миллион доллар жардамынан баш тартуу маселесин добуш берүүгө жөнөттү

Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңеш Казакстандан бериле турган 100 миллион долларлык жардамдан баш тартуу маселесин карады.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, бул жардамды алуу жөнүндө макулдашууга 10 жыл болгон. Бирок кандайдыр бир себептерден улам берилген эмес.

Келишим боюнча, бериле турган каражат өлкөнүн бажы объекттерин жакшыртуу, ветеринардык лабораторияларды куруу иштерине жумшалмак. Өкмөт билдиргендей, Кыргыз тарап 4 лаборатория курууга бюджеттен 172 миллион сом бөлүүгө аргасыз болгон. Ошондой эле өкмөт учурда 19 лаборатория курулуп жатканын маалымдады.

Жыйынтыгында "Кыргыз өкмөтү менен Казак өкмөтүнүн ортосунда 2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербург шаарында ЕАЭБге кирүү шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү макулдашууну, жардам берүү жана анын колдонулушу тууралуу протоколду, техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу протоколду денонсациялоо тууралуу" мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан