Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Автоунаа жолдору жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору талкууланууда.
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышановдун айтымында, оор жүк ташуучу унаалар жолдордун бузулушуна алып келет. Ал жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилиши керек экенин айтты.
"Азыр Howo үлгүсүндөгү унаалар шаардын ичинде жүрөт. Бул унаалардын жүксүз салмагы 16 тонна. Жүгү менен кошкондо өтө оор болот. Биздин жолдор мындай оор салмакка ылайыктуу эмес. Аталган унаа тоо кен иштерине пайдаланылышы керек. Ошондуктан мындай унааларды шаардын ичиндеги жолдордо жүрүүсүнө чектөө киргизүү зарыл", - деди Нышанов.