Парламентте жаңы курулган жолдордун кепилдигин узартуу демилгеси каралууда

Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Автоунаа жолдору жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору талкууланууда.

Мыйзам боюнча, кепилдик мөөнөт жаңы автоунаа жолдору буйрутмачыга өткөрүлгөн учурдан тартып эсептелинет. Учурда кепилдик жаңы курулган жолго эки жылдан кем эмес, ал эми кайра оңдолгон жолдор үчүн бир жылдан кем эмес мөөнөттү түзөт.

Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, жаңы жолдун кепилдиги беш жылдан кем эмес, ал эми кайра оңдолгон жолдор үчүн үч жылдан кем эмес мөөнөткө узартылат.

Демилгечилердин айтымында, 5 жыл кепилдик мөөнөт көп болбойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан