Президент Судьяларды тандап алуу кеңешинин төрагасын кабыл алды

Бүгүн, 9-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Судьяларды тандап алуу кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысына аталган кеңештин 2011-2017-жылдардагы иштеринин жыйынтыктары туурасында маалымат берилди.

Президент акыркы жылдары сот системин реформалоодо натыйжалар болгонун белгиледи. Атамбаевдин айтымында, зарыл болгон укуктук негиздер түзүлүп, сот корпусун жаңылоо процесси аягына чыкты.

“Жарандардын сот системинин ишеними укуктук мамлекеттин негизи. Болжолдонгон максаттарды ырааттуулук менен ишке ашыруу эл арасындагы сотторго карата терс мамилени өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Сотторду тандап алууда чынчылдык, адилеттүүлүк принциптерине берилгендик жана укуктун артыкчылыгы негизги критерийлерден болууга тийиш”, - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан