КСДП фракциясынан депутат Евгения Строкова мугалимдердин пенсиясын жогорулатууга каражат табуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-ноябрда парламент жыйынында билдирди.
Ал эскерткендей, азыркы учурда 20-40 жыл иштеген мугалимдердин пенсиясы 3-4 миң сомду түзөт. “Мугалимдердин пенсиясын жогорулатуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Бирок бул мыйзам долбоор боюнча өкмөт үн катпай жатат. Пенсияны көтөргөнгө каражат табуу керек. Бул боюнча жоопкерчиликти өкмөт алат”, - деди ал.
Эске салсак, мугалимдердин пенсиясын жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылган. Мыйзам долбооруна ылайык, 20-25 жыл иштеп пенсияга чыккан мугалимдер азыркыдай 5 миң 173 сом эмес, 10 346 сом пенсия алып калышат. Ал эми 25 жылдан ашык иштегендери болсо 12 933 сомдук пенсияга чыгышат.