Бишкектеги 15 кишини көтөрө алчу лифт коюлган жер үстүндөгү өтмөк ачылды (фото)

Бишкектеги "Аламүдүн" базарынын жанындагы Курманжан датка көчөсүнө салынган жер үстүнөн өтүүчү өтмөк бүгүн, 9-ноябрда ачылды. Анын ачылышына мэр Албек Ибраимов баштаган шаар бийлигинин өкүлдөрү жана тургундар катышканын мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. Өтмөктүн узундугу 33, туурасы 3, бийиктиги 5 метрди түзөт жана 15 кишини көтөрө алчу лифт коюлган. Мындан улам улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өтмөктөн өтүүдө жардам сурабай эле лифт аркылуу көтөрүлүп өтүп кете алышат.

Буга чейин аталган базардын жанындагы көчөлөрдөн жарандардын жөө өтүүсүнө кыйынчылыктар жаралып өтмөк куруу зарылчылыгы пайда болуп, курулуш иштери ушул жылдын июль айында башталган эле. Быйыл Бишкекте жалпы 1131 жол кырсыгы катталып, анын 29унда адам өмүрү кыйылган. Ал эми өтмөк курулган жерде 8 жол кырсыгы катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-09 14:41:23
Ото эле онугуп кеттикго
+10
Shekeev969798
2017-11-09 14:59:51
Bolunbo.kyrgyz,Жалал-абадта 3 жыл мурда курулган мындай копуро
0
Guji
2017-11-09 23:54:57
Shekeev969798,Оада качан эле курулгангооо и тем боле кичине нерсе куруп алышып эле чоон иш кылгандай болгондору эч жакпайтта
-4
Jazdyn_tany
2017-11-10 00:23:36
Guji,сен мэр болуп, чооң нерсе курсаң, "молодец" дейли...
-2
kechirmeni
2017-11-09 14:50:28
жакшы болуптур бирок биздикилер улам тушуп чыга берип бузбаса болду
+13
Dilbaranurdinova
2017-11-09 15:40:27
kechirmeni,кулдурдунузго)))))
+5
Gema
2017-11-09 14:52:55
Сонун
+6
Batma08
2017-11-09 14:59:09
Мунунарданда жазга чейин суу отуп баштайт
+3
no.comment
2017-11-09 15:03:04
Batma08, суу отсо чатырын алмаштырып коебуз ага анчалык кыжалат болобо
+8
newman
2017-11-09 15:01:51
Копуронун усту мини базар болуп кетпесе болду
+25
no.comment
2017-11-09 15:03:14
newman, ))
+4
Elitta
2017-11-09 16:08:38
no.comment,Москвадагы метро Аэропорттогу копурого окшотуп кылышыптыр))
0
barakcha
2017-11-09 18:58:55
newman,Кудай сактасын!
+1
Eli.91
2017-11-09 15:05:03
жакшы кылышыптыр биздин мамлекеттинда оркундошун буйурат бекен аа?чет мамлекеттей болуп,биздинда мамлекетке башка мамлекеттер суктанатурган кун келеер бекен аа?
+4
Isco23
2017-11-09 15:19:08
Каеринде лифт 15 адам которгон
0
aytkulova
2017-11-09 15:44:53
Isco23, бар лифт эки четинде
0
Lekarstvosvoegomuja
2017-11-09 15:26:42
Жакшы. Хотя бы 1 жумадан бери 1 жакшы жанылык окудум окшойт сонку кабардан
-1
orun
2017-11-09 15:35:04
Метро куруп коюшкандай майрам кылып ийишиптир го.
-4
evra_kg
2017-11-09 15:39:24
Микрофон менен аябай суйлосо керек менимче эч ким калбай метро ачылса бир жон
-3
Balam_bakytym
2017-11-09 19:54:43
Jakwy kabar! Emi jakshyna ishtetip alsak eken, bir chetinen buzbai
+1
ady-88
2017-11-09 22:00:41
Омиий да ушул копуронун ачылышы да бололбу. Мер ОЗУ келип ачып жатканына Караганда жакшы эле урдуруп калганго левый чонтоко.
-2
gulmi
2017-11-10 01:14:19
Чыгып коруп келдик.Копуронун чок ортосунда турсан жанындан адам отсо копуро кадимкидей термелет.Каар жаганда копуронун салмагы кобойот,ортосунда тироочу жок кулап тушпосо болду
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан