"Сиз парламентте отурасыз, атаңыздын төрүндө отурган жоксуз", - деп бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Сүйүнтбек Аликеевге кайрылды.
“Кыргыз бажы тарифтери жөнүндө” мыйзамындагы мүчүлүштүктөрдү жоюуга багытталган мыйзам долбоору талкууланып жатканда Аликеев депутаттардан сөз талашып, алтын кендер боюнча маалыматы жок экенин билдирген.
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев Аликеевдин жоопкерчилигин кароону сунуштады. "Өзүнүн үйүнүн төрүндө жатып алып сүйлөгөндөй болуп жатат. Урматтуу Жогорку Кеңештин төрагасы, мындай чиновниктердин жоопкерчилигин карап чыгуу керек", - деп Жээнчороев спикер Дастан Жумабековго кайрылды.
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары бул кызматка жаңы келгенин айтты.
Дастан Жумабеков кызматка жаңы келди деген мыйзамда жок экенин белгиледи. "Мындай чиновниктердин жоопкерчилигин караш керек. Бул кызматка жаңы келди деген мыйзамда жок. Мен өкмөт башчыга бул боюнча тапшырма берем. Анын аткарылышын көзөмөлдөйм. Мындан кийин даярдыгы жок жыйынга келген өкмөт өкүлдөрү залдан чыгарылат", - деди Жумабеков.