6-ноябрда Орусиянын Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Складочный көчөсүндө жайгашкан темир жолго керектүү шаймандарды койчу контейнерден өрт чыгып 6 адам каза болгон. Алардын ким экендигин аныктоо үчүн экспертизалык иликтөө жүрүп, 5 адамдын аты-жөнү такталды. Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынын катчысы Гүлбарчын Байымбетованын SUPER.KG'ге билдиришинче, болжолдуу түрдө алар Орусия, Беларусь жана Тажикстандын жарандары.
"Москва аймактар аралык тергөө комитетинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө каза болгон беш адамдын ким экендиги такталды. Алардын арасында Кыргыз мамлекетинин жарандары жок. Ал эми алтынчы жарандын сөөгү боюнча экспертизалык иликтөөлөр аягына чыга элек. Маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат", - деп билдиришти элчиликтен.
Орусиялык басылмалар өрттөн каза болгондор Орто Азиядагы өлкөлөрдүн жарандары экенин жазып чыгышкан. Өрт кырсыгы боюнча экспертиза дайындалып, Орусиянын мыйзамы боюнча кылмыш иши козголгон.