Депутаттар чийки заттарды чет өлкөгө алып чыгууга бажы төлөмдөрүн киргизүүнү сунушташты

Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Кыргыз бажы тарифтери жөнүндө” мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү жоюуга багытталган мыйзам долбоору талкууланды.

Белгилүү болгондой, мыйзам долбоору баалуу металлдарды ташып чыгуу боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюу, тоо-кен кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн арттыруу максатында депутаттар тарабынан сунушталууда. Анда курамында баалуу металлдар бар чийки заттарды экспорттоого бажы төлөмдөрүн киргизүү каралган.

Демилгечилердин бири Мирлан Бакиров мыйзамды кабыл алуу мезгил талабы экенин айтты.

"2016-жылы 40 миллион долларлык консентрант Кытайга чыгарылган. Өкмөт ЕАЭБге киргенибизге байланыштуу бул мыйзамды кабыл алууга болбой турганын айтууда. Казакстанда деле экспорттук салык бар же мыйзам ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө гана тийиштүү деп өзгөртсөк болот", - деди Бакиров.

Добуш берүү учурунда бул мыйзам депутаттардын колдоосун тапкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан