СУПЕРСТАН: "Кызга кырк үйдөн тыюу" макалы "отставкага" кеткенби?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Баркы кеткен макалдар" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кыргыздар фразеологизмдер, анын ичинде макал-лакаптар менен өзгөчө тарбия берип, адамдык сапаттарды калыптандырып келген. Кандай гана шарт болбосун, макалдардын маани-маңызы бийик турган эмеспи. Ал эми азырчы? Өкүндүргөнү - макал-лакап эч кандай мааниге ээ эместей болуп калды деген ой келет".

"Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок". Бул эми аткаминерлерге карата айтылган. Азыр кандай иш болбосун өзүнүн тууганын, болбоду дегенде кошунасын ишке алмай. Дегеним, "туура бийде тууган жок" дегенибиз ардактуу эс алууда окшойт".

"Кызга кырк үйдөн тыюу". Бул макалыбыз ордун жоготуп, кол шилтеп "отпускеге" чыгып алдыбы? Ылайым кайра эс алуудан кайтса экен дейли, антпесе кырк үйдөн эмес, төрт үйдөн тыя албайсың азыр".

"Кызга кырк үйдөн тыюу" макалы азыр "отпускага" эмес эле "отставкага" кеткен го дейм. Кандай кийинип жүрөт, кимдер менен жүрөт, кандай кечелерге кетип жатат - ата-энелеринин баштары оорубайт. Башкысы "тынч болсо болду да" деген сөздү документ кылып алышкан".

"Билим алуу - ийне менен кудук казгандай". Азыр күрөк менен деле казбай калдыбы дейм, ага караганда акча жакшыраак казат".

"Адам аласы - ичинде, мал аласы - сыртында" эмес эле тескерисинче болуп калды. Жаныбарлар балдарын таштап койбойт. Биз болсо ажатканага таштайбыз. Бири-бирин зордуктабайт дегеним, ат эшекти же итти... Ал эми бизде өз таякеси жээнин, кайнатасы келинин, агасы карындашын зордуктап коё берет".

"Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы" деген макалыбыздын градусу 180ден ашып баратат го дейм. "Эркек эркектей, кыз кыздай, кыш кыштай болгону жакшы" деп кошумчалап койсок болчудай".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Barclays_CR7
2017-11-09 17:42:45
Мен тан каламда мисалга эле айтайын озубуздун эле кыргыз кыздарын,кийген кийимдеринен ички уятуу жерлери корунуп журот. Мисалы ошол эле ички кийимдери дана корунот. Ал кызды коргон эркек,ал кыз туралуу албетте женил ойлулука барат.
+1
aikokul14
2017-11-09 18:01:53
Кызга кырк үйдөн тыйуу,элүү үйдөн эс,алтымыш үйдөн акыл,жетимиш үйдөн үлгү болуу керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан