Өлкөдө жакынкы айларга карата күйүүчү майдын запасы жетиштүү экени кабарланды

Өлкөдө жакынкы айларга карата күйүүчү майдын запасы жетиштүү. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети билдирүү таратты.

“9-ноябрга карата май куюучу жайларда күйүүчү майдын запасы 43 миң 412 тоннаны түзөт. Анын 24 миң 709 тоннасы бензин, 18 миң 703 тоннасы дизелдик күйүүчү май. 19-октябрдан 8-ноябрга чейин темир жолу аркылуу Кыргыз жерине 55 миң 720 тонна күйүүчү май алып келинген. "Джунда" мунай кайра иштетүүчү заводунда да 74 миң тонна чийки заттын сакталган запасы бар”, - деп билдирет комитет.

Мындан тышкары аталган комитет күйүүчү май тартыштыгы жаралбашы үчүн учурда Орусиянын Энергетика министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы айтылат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 9-ноябрдагы жыйынында депутат Исхак Пирматов Кыргыз жеринде 2 аптага гана жетерлик күйүүчү май калганын, муну Кыргызстан мунай ташуучулар ассоциациясы айтпай жашырып жатканын айткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
nurbekasr
2017-11-09 19:08:16
Бир жыйынтыка келип алып анан билдирүү таратсаңар тиешелүү адамдар.Оюңарга келген нерсени тантырап айта бербей.Бирин эки аптага жетет бириң эки айга жетет жетбейт деп элди ар ойго салбай.
+10
bakyt78
2017-11-09 19:25:58
Казахстан менен Россиянын козун карабай, араб мамлекеттери жакка жол куруп экономиканы онуктурбосо болбойт. Ошондо Казахстан чек араны жаап койсода проблема болбойт.
+15
ajdaaar
2017-11-09 19:47:55
bakyt78, Аравиядан самолет менен ташыйсынбы бензин, дизелди?!!
-10
Bek4590
2017-11-09 21:44:08
ajdaaar, сен биринчи жакшылап окуп анан жазсан, "жол куруп" деп жазыптыр. Тажикстан, Афганистан, Иран аркылуу темир жол салып океанга чыкса болот. Андай жол салыш учун, Кыргызстанга кучтуу журоктуу президент керек.
+6
ajdaaar
2017-11-09 21:51:13
Bek4590, Иран, Афганистан, Ирак, Тажикистан ж.б. Кыргызстандын жери беле, каалагандай жол салгыдай?!! Экинчиден бул аймактар тынч эмес, Аравиядан тарттырып келе жаткан мунайынды террористтер жардырып жиберсе ким толойт аны?!! Оруссиядан келчу мунайды болгону бир олкодон алып ото албай жатасынар да, 5-6 олкону аралап мунай ташыйбыз дегендерге жол болсун...

-6
jbolotov
2017-11-09 20:34:22
ССР убагында жоготкон жерлерди ар турдуу саясат менен кайра кошуп алууну каалаган Орустардан АКШ аркылуу толук коз карандысыз болсок болот. Азербайжандан нефть ташысак болот бирок чечкиндуу кадамдарга баруу учун орустардын созун суйлогон чыккынчыларды иштен кетириш керекдаа.
-10
ajdaaar
2017-11-09 20:50:36
jbolotov, эмне менен, кантип ташыйсын?!!
-7
ajdaaar
2017-11-09 20:58:06
Кичине реалист болгулачы, бай атанарга окшоп соктура бербей!!!

Азербайджандан мунай ташуу учун темир жол же кара жолду тандоо керек... Темир жол баягы Россия, Казахстан аркылуу келет... Кара жол менен ташысан 1-вариант Азербайжан-Россия-Казахстан, Кыргызстан, 2-вариант Азербайжан-Иран-Афганистан-Тажикистан-Кыргызстан. 3-вариант Азербайжан-Иран-Туркменистан-Озбекистан-Кыргызстан... Кыскасы Азербайжандан мунай ташуу озун актабайт, кымбатка тушот...
-8
ajdaaar
2017-11-09 21:01:27
Дагы бир жолу бар, танкер менен Туркменистандын жээгине ташып Каспий аркылуу, андан бери поезд менен ташыса болот Туркменистан, Озбекистан аркылуу... Бирок анда тиги 2 олкого коз карандылыгыбыз артат...

Аравиядан мунай ташууну элестетуу кыйын... Минус баскычтар биринчи ойлонуп копушподу бекен, Аравиядан кантип ташыса болот, чыгымы кандай болот деп?!!...
-7
jbolotov
2017-11-09 22:17:15
ajdaaar, Азыр Украина Орустардан коз карандылыгын жок кылуу учун Америкадан танкерлер менен нефть жана газ ташып атканын билсен керек? Ага караганда Азербайжандан сырье алып келуу рентабелдуу болгону учун Джунда заводу курулган. Бул оз кезегинде Орус саясаты так ушундай болгондо курулган. Казахстандан алсакда болот, Атамбаев кетеери менен алака онолот. Назарбаевди 7 атасына чейин кимкенин талдаган Атамбаеди любой саясатчы ошентмек.
-6
ajdaaar
2017-11-10 04:02:38
jbolotov, Украина го океанга чыга алат экен, танкерлер келет экен... Сен Азербайжандан кантип ташыйсын, Казахстан бербесе...
+1
warrior96
2017-11-09 22:20:34
Кыргыз корупциясы жолун улайт!!!!!!
+2
Samina007
2017-11-09 23:14:31
Эээң жакшысы таластан жерди казыыып барып казакстандан нефтини буруп келиш керек арык кылып))))
-3
ajdaaar
2017-11-10 04:03:41
Ким минус басса, Сокенин "куйругу" болуп калсын, оту менен кирип кулу менен чыккан...
0
didu
2017-11-10 07:45:24
урматту админ Кызыл Кыяда бензин дизель 2_3сомго кымбаттады бааны козомолдогон органга жеткирип койосонуздар. рахмат.
+3
bom.bon
2017-11-10 11:46:31
Тушунбогон галдирлар экенсинер, минус басылган коменттер
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан