Германия өзүн коомдо эки жыныска тең таандык эмес дегендерге 2018-жылдын аягына чейин "үчүнчү жыныс" ыйгарат. Мындай чечим өлкөнүн Конституциялык соту тарабынан кабыл алынганын чет элдик ЖМКлар жазууда.
Маалыматтарга таянсак, эми бул топтогулар мурда бош калып келген графага өздөрүн "интерсексуал" же "ар түрдүү" деп көрсөтө алышат.
Мындай чечим кабыл алууга өлкөнүн 27 жаштагы тургунунун бир нече ирет даттануусу түрткү болгон. Ал документке "аял" жынысында жазылып калганы менен, өзүн эки жыныска тең таандык эмес деп эсептеп келген. Жергиликтүү активисттердин маалыматы боюнча бул топтогу адамдардын саны 80 миң болсо, өлкө бийлигинин маалыматында 10 миңге жетет.