Сапар Исаков 2020-2030-жылдарга жаштарды өнүктүрүү концепциясын талкуулады

Премьер-министр Сапар Исаков 2020-2030-жылдарга жаштарды өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу боюнча өлкөнүн аймактарынан келген 150дөн ашуун делегаттар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы катышуучуларды алдыдагы майрамы – Кыргыз Республикасынын Жаштар күнү менен куттуктап, жаштарга чоң үмүт артылып жаткандыгын белгиледи.

"Мен өлкөбүздүн булуң-бурчтарында көп болом жана Кыргыз өлкөсү ишенимдүү колдо экендигине ишенем. Бүгүнкү күндө жаштар, жаш кадрлар опол тоодой эмгек кылууда. Алар баштаган саамалыктар, ишкердикте, илимде, IT-индустрияда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан долбоорлор чындыгында сыймыктандырат", - деди Сапар Исаков.

Өкмөт "Жаңы доорго – кырк кадам" программасынын алкагында үч жыл аралыгында "Таза Коом" улуттук долбоорунун негизги компоненттерин ишке ашыруу максатын койгон. Өкмөт башчынын айтымында, бул мамлекеттик чыгымдарды оптимизациялоого жана өлкөнүн социалдык тармагын каржылоо көлөмүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан