Алмазбек Атамбаев Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могериниге "Достук" орденин тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз жергесине иш сапары менен келген Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Атамбаев Федерика Могеринини Кыргыз мамлекети менен Евробиримдиктин кызматташуусуна кошкон салымы үчүн “Достук” ордени менен сыйлады.

Федерика Могерини жакын арада Евробиримдик менен Кыргыз мамлекетинин ортосунда шериктештик жана кызматташтык боюнча жаңы макулдашуунун үстүндө сүйлөшүүлөр боло турганын белгиледи.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктагы актуалдуу маселелер талкууланды. Мындан тышкары анда Кыргыз мамлекети менен Евробиримдиктин ортосунда түзүлгөн эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруу, бардык тармакта биргелешип иш алып барууну өнүктүрүү боюнча сөз болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
RusMos76
2017-11-10 09:57:26
Жон эле турбайт белен озу кырдаал кучоп турган маалда, кийинки жылы деле тапшыра беришет эле да сенсиз да!
+6
nurbekasr
2017-11-10 10:04:23
Орден медальдардын түгөтөт экен да ар кимге бере берип,баркы да кетип бүттү окшойт.
+6
Dalil
2017-11-10 10:44:00
Өз агасын агалай албаган бирөөнүкүн сагалайт болуп Евразиялык биримдике катуу сүйлөп коюп эми евробиримдике жагына баштаганго.
+7
NURSAPAR
2017-11-10 14:03:48
Орденди Нурсултанга бербептир жоошуй түшөт беле...
+3
elchi84
2017-11-10 16:04:38
Эми башкача болот евробиримдикке жабышсак орустар соо койбойт кетеринде жон кетчи эми сураныч.
+4
tursunbaev78
2017-11-10 18:32:21
Нурсултанга берген мактап,жактап,биздин аксакалыбыз деп анан артынан шыбады,муну да шыбайт эми эртеге эле
+2
erkeleim
2017-11-11 05:22:34
Опоо элди кыйнап бутмой болду калжык
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан