Бүгүн, 10-ноябрда Бишкекте мөңгүлөр маселеси боюнча тегерек стол өтүүдө. Анда Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат жана суу ресурстары боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмө берди.
"Биздин комитет 30-ноябрь күнү бул мыйзам долбоорун 3-окууда карап жактырды. Эгер бул документ депутаттар тарабынан колдоо тапса иштейт. Негизги маңызы мөңгүлөргө карата. Биринчи окууда өкмөт тарабынан сунуш келген. Ага ылайык, эгерде кен казууда башка иштерде мөңгүлөргө тийиш керек болуп калса, кенде көп адамдар иштеп жатса жана стратегиялык маанидеги көп акча берген компания болсо, өкмөт уруксат бериш керек. Биринчи окууда долбоордун концепциясы жактырылган.
Экинчи окууда депутаттар Тиленчиева, Узакбаев, Рыспаевден сунуш келип түшкөн. Бул сунуштарга ылайык, тиешелүү мөңгүлөр такталган. Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө гана тийиштүү болсун жана буга чейин жок болуп кеткен мөңгүлөргө бул мыйзамдын тиешеси жок болсун деген сунуш түшкөн. Мындан тышкары аталган депутаттар мөңгүлөрдүн жок болуп кетишине жол бергендерди бул мыйзам жоопкерчиликтен куткарбайт деп сунушташкан", - деди Назаров.
"Менин бир добушум бар. Социалдык түйүндөрдө буга мени ачык айыптап жатышат. Мен бул жумушту комитет башчысы катары уюштуруп жатам. Чечимди 120 депутат кабыл алат", - деп кошумчалады ал.