"Бишкексууканал" ишканасы ичүүчү суу тууралуу видео чыгарды, анда суу булактан чыгып, тургундардын үйлөрүнө чейин кандай жолдорду өткөнү тууралуу айтылат.
Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 1 жылда Бишкек шаарына 114 миллион куб метр таза ичүүчү суу берилип, анын дээрлик жарымы дайынсыз колдонулат. Ичүүчү сууну шаардын тургундары сугарууга жана башка техникалык зарылчылыктарга колдонуп жиберишет.
Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы ичүүчү сууну сактап, үнөмдөп колдонууга чакырат.