Дүйшөн Касенов "эгер "Кумтөрдө" иш токтосо, Кыргыз 150 миллион доллар зыян тартат" дейт

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкекте мөңгүлөр маселеси боюнча тегерек стол өтүүдө. Анын жүрүшүндө "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коомунун башкаруучулар кеңешинин мүчөсү Дүйшөн Касенов мөңгүлөргө байланыштуу Суу кодекси боюнча мыйзам долбоорун кабыл алуунун зарылдыгына токтолду. Касенов бул кандай кесепеттерге алып келе турганын айтты.

"Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн калдыктары кен казуучу карьердин үстүнө келип түшө турган коркунуч - бул биринчи кезекте кызматкерлердин өмүрүнө байланыштуу. Эгер "Кумтөрдө" жумуш токтосо, кайра ишти улантуу кыйынчылыктарды жаратат. Токтогон жумушту улантууга 150 миллион доллар керектелет. Бул чыгымдардын баары Кыргыз өкмөтүнүн жоопкерчилигинде калат. Беш миңден ашуун жарандар жумушсуз калат. Бюджет орточо жылына 108 миллион доллар чыгымга учурайт", - деди Дүйшөн Касенов.

Айта кетсек, кийинки аптада Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоору боюнча чечим кабыл алмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Bolunbo.kyrgyz
2017-11-10 13:33:55
Ай 150мин миллиард доллар зыян келсе да токтоткула силер жеп эле жатасынар элге 1 сом пайда бербейт
+8
Brilant-zhylan
2017-11-10 13:38:27
Мен мектепте окуп жургон кезде бир мугалим бар эле эгер тапшырманы туура эмес айтсан доодурурогон ХХХХ деп урушчу эле азыркы бийликтегилер ошол мугалим айткандай доодуроп пайда зыянды билбеген ХХХХ экен биздин эн кымбат байлык ошол биздин жаратылыш
+4
kutman-kg94
2017-11-10 13:42:23
Митинг кылыш керек
+5
Brilant-zhylan
2017-11-10 13:43:19
Кыргыз элин жерин келечегин ойлобой кайдагы бир болбогон акчага азгырылгандарга аллаанын каргышы тийсин
+6
Meruet84
2017-11-10 13:45:56
Бийликке илимге билимге сугарылган тажрыйбалуу, көсөм, тил билги, ыйман намыска бекем инсандар барыш керек эле. Өкүнүчтүүсү жалаң эле бир сомду кантип эки сом кылсам деген, акча алтын байлык десе жантагынан жата калган, кызарганды жула калып, көзгө көрүнгөндү сатып пайдала калайын деген ыйманынан да акчаны бийик койгон жемекорлор олтурат.Аллах ынсап берсин!,
+3
meliss
2017-11-10 13:58:59
бла бла бла конушу олколор кен казбай жакшы еле жашашат болбосо ошолордо деле запастары бар
+2
kamchatka
2017-11-10 14:04:48
150 миллиард зыян тартса деле токтоп койгула иштете турган жигиттер бар антип элди алдабай!
+3
nematovich.90
2017-11-10 14:05:44
Эгерде 120 депутаттын жарымын жок кылып 60 депутат болсо Кыргызстан тезираак онукмок
+5
asanova1984aida
2017-11-10 14:19:08
Кумторду толук жаап туруп казинолорду ачып коюш керек,эки жаман нерседен кичирээгин танда дейт
-6
BekAmir
2017-11-10 15:31:12
Кумтордун зыяны миллиард$ болуп жатпайбы...
Мынча бетинер жок
+2
elchi84
2017-11-10 15:49:31
Озу булар канадалыктар Кумторду 20 жыл иштеткенден кийин автоматтык Кыргызстанда калыш керек эле булар билбейм кандай закон менен иштеп жатат тушунбодум. Башка мамлекеттерде ошондой калышат.
+3
taku1414
2017-11-10 16:54:44
Кумтордон элге пайда деле тушпой эле. Чиновниктердин эле кормушкасы.
+2
kenjebek_a
2017-11-10 21:59:50
Бул бийлик соз тоготпойт.ХХХХХХ Касиеттуу ала тоону булгаган арамдар.Бул арамдардын кесири элге жерге тийип жатат.Бизден элинин саны коп кошуналар жакшы жашайт.Нарын дарыясы булганса кошуна олкого да зыяны тиет.Каргышта калбайлы.Монгу урпактарга да керек.ХХХХХХ
0
Aikyn93
2017-11-10 23:07:18
Билип билбей эле комент жаза бересиңерби зыян тартат тартканда да кандай тартат көрөсүңөр кумтор жабылганда.
-2
aitiem
2017-11-11 08:47:46
Ушул алтын чыккан жерлерди,комур чыккан жерлерди ж.б кен байлыктарды кыргыз окмотту неге озу иштетпейт и иштетууну да ойлобйт,анда коро чет мамлекеттиктерге же частный адамдарга сатып жиберууну эле ойлошот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан