Ата-энелер мугалимдердин акча төлөй элек окуучуларга кылган мамилелерине нааразы болушту

Илим күнүнө арналган билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн жыйынында Балдарды коргоо борборунун жетекчиси Эргешова Кумар мугалимдердин мектепке акча төлөй албаган балдарга карата жасаган мамилесине нааразы болду.

"Мугалимдер акча төлөй албаган окуучуларга кыйкырып, орой мамиле жасашат. Бул алардын негизги куралы. Себеби классташтарынан уялган окуучу сөзсүз түрдө ата-энесин мажбурлап, акча талап кылат. Мындан улам балдар психологиялык жактан жабыр тартып, билим алууну ойлобостон акча табууну көздөп башташат. Андыктан акча маселесин ата-энелерге гана айтып, окуучуларды буга кийлигиштирүүнүн кажети жок", - деди ал.

Анын бул пикирин ата-энелер да колдошту, бирок айрым директорлор акчаны бардык мугалимдер эмес, бир гана класс жетекчи сурай турганын айтышып, ата-энелердин өздөрүнө айтуу үчүн аларды чогулушка чакыртышса келишпей турганын билдиришти.

Мындан улам эки тарап кызуу талкууга өтүп, жыйынтыгында мектеп директорлору балдарды коргоо борборунун жетекчиси менен ата-энелердин сөзүн туура табышып, мугалимдерди акча чогултуу маселесине кийлигиштирбөөгө аракет кылышарын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Isco23
2017-11-10 13:09:53
Ушулар надоел кылыщты айдан тушконсуп
+1
JaneEr
2017-11-10 14:16:37
Мугалимдер учун тороп коюшкансып чогулушка келишпейт акча топтогонго сылык сурашса беришпейт анан мугалимдердин айлыгынан кармап калат директор,албетте мугалимдин да бала-чакасы бар багыш керек ал,анан жаны кашайып орой мамилеге отот ла аргасыздан.
+2
Lekarstvosvoegomuja
2017-11-10 15:28:20
JaneEr, именно ошол убакытта ата энесинин шарты болбой аткан болсочу? Чогулушка келе албаган болсочу? Мугалим деле адам го тушунсо болот да. Баардык ата эне бирдей эмес да. Эгер билгинер келсе кээбир ата эне акча сурайт да деп баргысы келбейт чогулушка. Акчаны бере албаса бала куноо эмес да. Кагазга де кундолугуно жазып жиберсин. Болбосо телефон чалсын. Байлашмак учун вариант коп го азыркы заманда
0
Taalaibek.
2017-11-10 20:18:58
JaneEr,Эч убакта орой мамиле кылбагыла жанынар кыйналып баратса дагы.
0
aidinaernur
2017-11-10 15:56:22
Бул жерде куноо мектеп директорлордо
Мугалимдерди катуу урушат.

+1
Nur8088
2017-11-10 17:01:40
Мугалим катары айтарым:мисалы ,детский, журналдар келет, классынарга саткыла дейт. Сата албасак капчыгыбыздан толошко тура келет.
+1
Taalaibek.
2017-11-10 20:15:51
Nur8088,Силерди бироо мажбурладыбы? Толобой эле койгула.
0
Saidochka
2017-11-10 18:42:54
Айланып келип кайра эле байкуш мугалим крайний.толобосо оз чонтогунон бериш керек(кыйраган айлык акысынын эсебинен),и жетекчиси менен Ата энелердин нааразы создордун да ушул мугалим байкуш угат..
+1
Fatimnazz
2017-11-10 19:52:11
Азыр мугалимдер деле майрамдарда оздоруно акча чогулттурат. Сентябрдан майга чейин ар бир айда акча акча дегени деген. Акчаны табуу оной эмес.
0
Taalaibek.
2017-11-10 20:19:28
Ата-энелер чогулушка келбей калышса, анда мугалимдер ата-энелерине барып айтышсын окуучуларга айтышпай.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан