Толгонай Стамалиева президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Тийиштүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев кол койду", - деп билдирди аталган кызматтан.
Толгонай Стамалиева 42 жашта. Ал 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат катчысы, Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы, "Манас" эл аралык ААКсынын сырткы байланыштар бөлүмүнүн башчысы кызматтарында эмгектенген.
2015-жылы президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп, 2016-жылдын 15-апрелинде өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Акыркы убакта президенттик шайлоодон утуп чыккан Сооронбай Жээнбековдун штабында анын басма сөз катчысы катары иштеп жаткан.