Адис: "Мектепти оңдоп-түзөө иштерине ата-энелерден акча чогултпастан, атайын демөөрчү тапса болот"

Мектептерди оңдоп-түзөө иштерине ата-энелерден акча чогултпай, атайын демөөрчүлөрдү тапса болот. Мындай пикирин Илим күнүнө арналган жыйында Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча адиси Мухаммад-Али Орозматов билдирди.

"Ар бир ата-эненин шарты ар башка. Мисалы, бирөө мектепке жардам иретинде 100 миң сом тапшырса, экинчиси 100 сом табууга кудурети жетпейт. Мындан улам социалдык теңсиздикти жоюу иретинде, мектептер ата-энелерден акча чогултууну токтотуп, андан көрө жакшы демөөрчүлөрдү издеш керек. Кыргыз Конституциясынын негизинде, ар бир окуучу акысыз билим алууга укуктуу", - деди ал.

Эске салсак, бүгүн, 10-ноябрда мектептердеги негизсиз акча чогултуу маселеси боюнча билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин жыйыны болуп өттү. Ага ата-энелер, мектеп директорлору, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, көз карандысыз адистер катышып, бирок Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү келишкен эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
ice87
2017-11-10 13:48:36
Ошол демоорчулорду ким таап берет,улуу урматтуу депутат мырза?Же мугалимдер сабак отпой демоорчу издеп журушсунбу?Демоорчулорду таппайсынарбы 120 депутат биринди-бирин чукубай!
+7
Kulatov
2017-11-10 14:06:22
ice87,сенин айтканыңа мен да кошулам булар өздөрүндөй ойлошот окшойт кааласа келет каалабаса келбейт мугалимдер силерге окшоп бекерчи эмес анан ким эле демөөрчү болоюн деп отурат биринчи сиз демөөрчу болуп бериңиз калганы сизден үлгү алышсын.
+1
kutman-kg94
2017-11-10 14:08:14
XXXX наалат барына
+2
beka1207
2017-11-10 14:44:09
Эч кандай демоорчу таппастан мамлекет бюджетинен акча болунот мектептин ар кандай чыгымына!
Демоорчу кееде табылат кееде табылбайт
Буларды карагыла эми демоорчу издегиле деп
+4
Dalil
2017-11-10 15:03:58
Эмнеге мамлекет каржылаш керек деген маселени көтөрбөйсүңөр. Мугалим бир гана баланы окутуп тарбиялоо жөнүндө гана баш оорутушу керек демөөчү издебей. Мугалимдин коомдогу статусу төмөндөп жатса силер биротоло тебелеп салыпсыңар. Алар кайсы байдын астына көзүн жалдыратып барат бизге демөөрчү бол деп. Бийлик эч кандай карапайым калк үчүн кам көргөн жок. Алар бизнесин өнүктүрүү үчүн өздөрүнө ылайыктап мыйзам жазуу менен убара
+5
sarbo
2017-11-10 15:25:53
уяты жоктор,чиновниктер улгу болуп жок дегенде 1ден мектеп болуп алгылачы коройлу,кайрадан элден эмне тушот экен кантип жеп алсам экен деп турасынар,жолду ондогондо дагын болунгон акчаны толук коротпойсунардагын эл жабыр тартып атат
0
Saidochka
2017-11-10 18:38:27
Ушул эле калыппы Эми мугалимдерге,ар кайсы акчасы барга жалдырап спонсор болуп Бер деп жалынып.кана болгулачы силер бирден мектепке спонсор.к кабинетте отуруп алып суйлоп кое беришет экен да булар...
0
Taalaibek.
2017-11-10 18:51:54
Сураныч ата-энелерди кыйнабагылачы. Ансызделе окмотко ата-энелер налог толоп жатышат!
+2
Isco23
2017-11-10 19:46:29
Еу уят еу Мугалимы. Неге сурайсынар?андан коро жакшына окутпайсынарбы айлык алтасынар,озунор мугалим болом дегенсинер же акчанар азбы айткылачы уже ТВдан да корсотуп жатат.же силер жалан БАЙлардын балдарын окутасынарбы ойлонгулачы
-3
jypara1415
2017-11-10 21:25:22
Isco23,мугалим кара курсагына
сурабайт , сураганы мажбур кылып
жатышат . Анан эмне жайкы каникулда мугалим оз чонтогунон
ремонт жасасынбы ?
0
Isco23
2017-11-11 09:05:55
jypara1415,эмнеге жасайт тек койсун. Окмот акча болсо жасасын же ал комната озунун комнатасы беле. Мугалим ойшойсун семьянызда бироо жарым мугалим да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан