Казакстанда кыргыз зер буюмдарын саткан ишкерге 500 миң теңге айып салынды

Түштүк-Казакстан облусунда Казакстандын өнүгүү жана инвестиция министрлигинин алдындагы техникалык иреттөө жана метрология комитети Кыргыз өлкөсүндө жасалган зер буюмдарды сапатсыз жана мыйзамсыз деп таап, алардын сатылышын токтотту. Бул тууралуу Казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Казакстандын Шымкент шаарында 8-ноябрда Кыргыздан алып келген зер буюмдарды сатуу менен алек болгон ишкер пломбалоо жана тамга басуу тартибин аткарбагандыгы үчүн Экономикалык иликтөө кызматы зер буюмдарды мыйзамсыз сатууга күнөөлөп, 500 миң теңге айып салды.

Маалымдай кетсек, 2016-жылдын февраль айынан баштап Казакстанда "баалуу металлдар жана асыл таштар" тууралуу мыйзам күчүнө кирген. Ошондон баштап Казакстандын өнүгүү жана инвестиция министрлигинин алдындагы техникалык иреттөө жана метрология комитети өлкө аймагынын бардык региондорундагы ишкерлерге мыйзам тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө.

Казактар зер буюм саткан кыргыздарга штраф салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Eksvp_1
2017-11-10 16:56:25
Казактар казактар казактар эх Душмандар, силерди колдоп ырдаган Анатай Өмүрканов Мхңхххт.
+5
aylun
2017-11-10 17:53:40
Мынчалыкка барбай эле коюшса болмок (((
+1
TalaCSKA
2017-11-10 19:55:42
Азыркы абал эки элдин куноосунон эмес бир тантык менен бир реальности жоготкон диктатордун айынан болуп жатканын силер деле жакшынакай тушунуп жатасынарго
+5
barsbegKG
2017-11-11 04:55:07
Жогоруда бир замандаш айткандай ХХХХ айынан жалпы кыргыз эли кыйын ақыбплда турат.
0
erkeleim
2017-11-11 05:14:48
Ханды кудай ураарда оз элине кас болот деп кудай урганы калды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан