Премьер-министр Сапар Исаков Патрулдук милиция башкармалыгында реформа жасоо керектигин айтты

Патрулдук милиция башкармалыгында реформа жасоо керек. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Сапар Исаков август айында Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын эки эсе кыскартуу тууралуу тапшырма берилгендигин айтып, бирок ал аткарылбагандыгын белгиледи.
Ошондой эле ал Ички иштер министрлигине жол кырсыктарынын себептерин жана жалпы ушул тармактагы маселелер тууралуу анализ жасоого бир жума мөөнөт берди.
Андан сырткары Патрулдук милиция башкармалыгында реформа жасап, кызматкерлеринин кесипкөйлүк сапаттарын жогорулатуу керектигин айтты.

“Биз Патрулдук милиция башкармалыгында терең реформа жасашыбыз керек. Ал үчүн атайын өзгөчө иш-чаралар жүргүзүлүшү зарыл. Ал иш-чаралар бул тармактагы коррупциялык иш-аракеттерди токтото турган, алдын ала турган да болуусу керек”, - деди премьер-министр.
Ошондой эле ал Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлерин атайын тесттен өткөрүп, эң мыкты кызматкерлерди тандап алуу керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
BekAmir
2017-11-10 17:36:27
ПМ коррупцияга моюнунан малынган
0
talant87
2017-11-10 18:03:27
Эркече 200 сом же 500сом бер деп айтат кичине тушун десен жазат оздору туз жолдо турбайт кыйгач жолдо туруп алат знакты шак тосуп калган жарымын корунбойт деле
+3
toktor89
2017-11-10 19:38:51
Мен кыргыз милициясына 10000% ишенбеим!!!!
+1
barakcha
2017-11-10 21:23:22
С.Исаков биздин келечектеги президентибиз!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан