Нарын-Өрүктам унаа жолу жазга чейин жабылды

Нарын облусунун Нарын районундагы Нарын-Өрүктам унаа жолу жазга чейин жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын-Өрүктам унаа жолунун 45-чакырымынан 75-чакырымына чейинки бөлүгүндө кар көчкү түшүү коркунучу жаралган. Ага байланыштуу жергиликтүү бийликтин чечими менен 2017-жылдын 11-ноябрынан тарта 2018-жылдын 10-апрелине чейин убактылуу жабылган.

Ошондой эле аталган маалыматта жазга чейин Өрүктам айылына баруу үчүн Сары-Булак-Кара-Кужур унаа жолу колдонулары айтылат.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан