Өлкө башкарган инсандар тууралуу сөз болгондо сөзсүз түрдө костюм-шым кийип, расмий иш-чараларда гана жүргөн адамдарды элестетебиз. Чынында эле ошондой. Бирок бул жолу алардын аткарган жумуштары же жолугушуулары тууралуу сөз кылбастан, төрт аяктуу достору жөнүндө кеп кылууну туура көрдүк. "Ат адамдын канаты, ит адамдын досу" демекчи, президенттердин басымдуу бөлүгү жогоруда аталган жаныбарларды жакшы көрүшөт экен.
Орус өлкө башчысы Владимир Путиндин бир эмес, бир нече иттери бар. Алардын көбүн белекке алган. Мисалы, бул Конни аттуу итти ага орус мамлекеттик ишкери Сергей Шойгу белек кылган.
Ал эми бул болгариялык овчарканы аталган өлкөнүн саясатчысы Бойко Борисов тартуулаган.
2013-жылы өзүнүн сүйүктүү үй жаныбарлары менен сейилдеп жүргөн учурунда тартылган сүрөт.
Алабай породасындагы бул күчүктү ушул жылы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов белекке берген.
Жогоруда айткандай итти жакшы көргөн мамлекет башчылар аз эмес. Мисал катары АКШнын экс-президенттерин айтсак болот.
Жон Кеннеди өзүнүн ити менен.
Жорж Буш Милли аттуу күчүгү менен Вашингтондогу Ак үйдө.
Билл Клинтон жана анын Бадди деген ити.
Жорж Буш II Барни аттуу ити менен учактан түшүп келе жатат.
Барак Обама кыздары жана Бо деген ити менен.
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин да итти жакшы көрөрүн бул сүрөт далилдейт.
Ал эми Франциянын президенти Эммануэл Макрон өзүнүн ити менен кадимкидей сүйлөшөт. Бул сүрөт ушул жылы Германиянын канцлери менен болгон жолугушуусунда тартылган.
Чехиянын өлкө башчысы Милош Земан жана анын ретривер породасындагы Дарси деген ити.
Англиянын ханайымы Елизавета II да итти жана атты жактырат. Чет элдик басылмалардын жазганына караганда, жаныбарларды багуу ага чыныгы ырахатты тартуулайт.
Тулпар таптагандардын катарына Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров да кирет. Эске салсак, жакында эле кыргыз жигити ага өзгөчө аргымак тартуулаган.
Күлүк баккан дагы бир президент - Гурбангулы Бердымухаммедов. Түркмөнстандын эл башчысы тулпар минип жөн гана сейилдебестен, ат жарышка катышкан учурлары да болгон.
Ал эми бул кыргыз аргымагын биздин өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев орус лидери Владимир Путинге белек кылган.