Жылдыз Сманбаева Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Алмазбек Атамбаев тиешелүү жарлыкка кол койду.
Белгилей кетсек, Жылдыз Сманбаева 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбековдун Борбордук шайлоо комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.