Бишкекте 2 күн мурун үйлөрүнөн чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан 2 окуучу кыз Оштон табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 11-ноябрда окуучулардын биринин эжеси Мээрим Тургуналиева билдирди.
"Учурда алар Ош ШИИБинде кармалып турушат дешти. Экөөнүн тең атасы бүгүн Ошко чыгып кетишти. Алардын Ош шаарына кантип барып калганы, кайда түнөгөнү белгисиз. Алып келишсе баарын сурайбыз го", - дейт Мээрим Тургуналиева.
Эскерте кетсек, 9-ноябрда Бишкекте үйлөрүнөн Панфилов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги №28-мектепке кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан Тургуналиева Сезим Мыктыбековна жана Мухамед кызы Азиза изделип жаткан.