1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетинин “Дипломатия жана эл аралык укук” факультетин бүтүргөн. Орусия Федерациясынын Президентине караштуу эл чарба жана мамлекеттик кызмат Орусиялык академиясынын угуучусу.
Эмгек ишмердүүлүгүн 1997-жылы “Манас” аэропортунун бажы терминалында инспектор болуп иштөөдөн баштаган.
1998-жылдан баштап “Манас” аэропортунун бажы терминалында улук инспектор.
2000-жылы «Галенфарм» ЖЧКсына менеджер болуп кабыл алынган. 2001-жылы “Галенфарм” ЖЧКнын директору болуп дайындалган. 2003-жылы “Галенфарм” ЖЧКнын коммерциялык директору болуп которулган. 2010-жылы “Галенфарм” ЖЧКсынан өз каалоосу боюнча жумуштан бошогон.
2010-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.
2015-жылдын октябрь айында “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Сыйлык-наамдары:
2009-2010-жылдары Монголия Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулу.
2011-жылдан бери Ысык-Көл облусунун шахмат федерациясынын Ардактуу президенти болгон.
2012-жылдан бери Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ардактуу атуулу болгон.
Улан Чолпонбаевдин артында эки кызы калды.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Улан Чолпонбаевдин каза болгонуна байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.