Бүгүн, 13-ноябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу маркумдун туугандары билдиришти.
Маалым болгондой, Чолпонбаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
Эскерте кетсек, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Улан Чолпонбаевдин көз жумганы белгилүү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал боордун циррозу менен ооруган. Депутаттын артында эки кызы калды.