8-12-ноябрь күндөрү Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында Ош облусунун саламаттыкты сактоо мекемелеринин 22 кызматкерине наристелерге тез жардам көрсөтүү боюнча сабактар өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты наристелерге тез медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу болду. "Интенсивдүү терапия жана реанимациялык жардам ооруган баланын абалын текшерүүгө, өз убагында жардам көрсөтүүгө, жыйынтыгында баланын өмүрүн жана ден соолугун сактоого алып келет", - деп айтылат маалыматта.